Site icon Reporter.kg

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында иштеп жаткан дарыгер каза болду

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында  иштеп жаткан дарыгер Шайназар Закиров 53 жашында 17-июль күнү көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Министрликтин маалыматына караганда, маркум Бишкектеги Республикалык жугуштуу илдеттер оорукананын инфекционист дарыгери болгон.

Ал март айында министрликтин буйругу менен коронавируска каршы күрөш үчүн өлкөнүн түштүк аймагына жөнөтүлүп, июнь айында кайра Бишкек шаарына которулган.

Шайназар  Закиров 1966-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жоош айылында туулган.  1996-жылдан бери саламаттык сатоо тармагында иштеп келген.

Белгилей кестек, 16-июлда 65 жаштагы  Ош облус аралык бириктирилген клиникалык ооруканасынын директорунун орун басары Темиркан Жарматова каза болгон.

Exit mobile version