Site icon Reporter.kg

Бишкектеги мечиттен өрт чыкты

Бишкек шаарында мечиттен чыккан өрт төрт контейнерди каптаган.

ӨКМдин маалыматына караганда, Свердлов районунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан «Дордой Мурас» базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, өрттүн жалыны жанындагы 4 контейнерге өткөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта ӨКМдин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03дө толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн. Эч ким жабыркаган эмес. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version