Site icon Reporter.kg

Бишкектеги мектептер жаңы жылдан баштап ачылабы? Жооп

Бишкек шаарындагы мектептер жаңы жылдан баштап ачылышы мүмкүн. Мындай маалыматты мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Кубан Кундашев брифингде билдирди.

«14 жашка чейинки балдар арасында COVID-19 менен ооругандардын саны азайган учурда, борбор калаадагы мектептер III чейректен баштап штаттык режимде иштөөгө өтөт», — деп билдирди ал.

Ошондой эле Кундашев, Бишкектеги жеке менчик мектептер 6-класска чейинки балдарды офлайн режимде окутуп жатканын эскерте кетти.

Exit mobile version