Site icon Reporter.kg

Бишкектеги мектептердин бири карантинге жабылды. Окуучулар менен мугалимдерден COVID-19 аныкталган

Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназияны эки жумалык карантинге жапты. Бул тууралуу мэриянын билим берүү башкармалыгына таянуу менен маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, эки окуучу жана эки мугалимден COVID-19 аныкталган. Билим берүү эки жума аралыктан жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, борбор калаадагы мектептерге 1,5,9,11-класстарды салттуу түрдө окутууга уруксат берилген.

Exit mobile version