Site icon Reporter.kg

Бишкектеги ок атышуу: Шектүүлөргө издөө салынды — сүрөт

Бишкекте 7-августта болгон ок атышууга шектүү адамдарга издөө салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Аталган окуяда бир киши октон жараат алган. Ага байланыштуу адам өмүрүнө кол салуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн арасында Бишкек шаарында туулган 23 жаштагы Николай Степанов, Өзбекстанда туулган 28 жаштагы  Лев Степанов жана 29 жаштагы Геннадий Каландаров бар.

Милиция аталган шектүүлөргө байланыштуу маалыматы бар адамдарды 0312 48-64-47, 0552 102-906, 0554 102-147 же 102 номерлерине кайрылуусун өтүнөт.

Степанов Николай Николаевич, 23 жашта, Бишкекте туулган

Степанов Лев Викторович, 28 жашта, Өзбекстанда туулган

Каландаров Геннадий Геннадиевич, 29 жашта, Өзбекстанда туулган

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version