Site icon Reporter.kg

Бишкектеги окуучулар февралда бир аптага каникулга чыгат

Бишкектеги мектептердин 1-класстарынын окуучулары 12-февралдан 19-февралга каникулга чыгат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар бир аймактагы аба-ырайынын шарттарына, эпидемиологиялык кырдаалдарына жараша 2024-жылдын 15-январынан 21-мартына чейинки аралыкта белгилей алат.

Кошумча эс алуу 1-класстар үчүн гана берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version