Орусиянын Бишкектеги элчилигинин имаратынын жанында азыр Украинадагы аскер операцияларга каршы нааразылык акциясы өтүп жатат.
Чогулгандар Орусиянын башчысы Владимир Путинден Украинанын аймагындагы согушту токтотууну, кеч боло электе оюн өзгөртүүнү талап кылышууда.
Бул элчиликтин жанында үчүнчү жолу өтүп жаткан митинг.