Site icon Reporter.kg

Бишкектеги оюн-зоок борборунда топ киши мушташып, ок атылган (видео)

Бишкектеги «Космопарк» оюн-зоок борборунда топ киши мушташып, ок атылган. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя 10-ноябрга караган түнү болгон. «102» кызматына оюн-зоок борборунда мушташ болуп, ок атылганы тууралуу кабар түшкөн.

Жерине ыкчам-тергөө тобу барып, мушташка катышкан адамдар ким экенин аныктаган. Алар милицияга жеткирилген. Мушташка катышкандардын айрымдары ооруканага түшкөн.

Аталган факт боюнча «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Эки тарап тең милицияга арыз жазган. Иликтөө уланууда.

Милиция мушташкандарды тергөө кызматы жеткирип, кийин кайра кое бергени белгилүү. Укук коргоо органдары мушташка катышкандарга соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилерин айтып жатат.

Exit mobile version