Site icon Reporter.kg

Бишкектеги сейил бактагы эротикалык фильм көрсөтүлгөн автокинотеатр алынат

Кечээ, 28-сентябрда Бишкекке жаңы ачылган “Ынтымак” эс алуу жайындагы чоң экранда эротикалык сценалары бар фильм  көрсөтүлгөнүн, окуяга күбө болгон шаар тургуну видеого тартып алып, инернет аркылуу шаар башчысына суроо салган.

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясы бул окуя боюнча билдирүү жасады.

«Бүгүнкү күндө А.Тыныбекова аттуу жаран унаа токтотуу үчүн ижарага берилген жерге автокинотеатр орнотуп алган. Ага берилип жаткан электр энергиясы өчүрүлдү. Ижарага берилген жерди туура эмес максатта пайдаланып жаткандыгы үчүн келишимди токтотуу тууралуу кат жөнөтүлдү. Келишим токтотулгандан кийин автокинотеатр алынат», — деп билдирди Бишкек мэриясы.

Мындан тышкары, Октябрь райондук милициясы бул иш боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (порнографиялык материалдарды таратуу) менен сотко кайрылуу жасайт.

Exit mobile version