Site icon Reporter.kg

Бишкектеги “Семетей” госпиталындагы акыркы бейтаптар айыгып чыгып, жабылды

Кечээ, 13-августа “Семетей” госпиталындагы коронавирус менен ооруган акыркы 8 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу штабдан кабарлашты.

Жалпысынан стационар 47 күн иштеди. Бул аралыкта 1500 бейтап, анын ичинен 300гө жакыны реанимацияда дарыланган.

Белгилей кетсек, учурда күз-кыш мезгилдерине, экинчи толкунга даярдык көрүү иштери улантылып жатат. Бул убакыттын ичинде кошумча шарттар каралып, көйгөйлөрдү чечүү жана лаборатория түзүү пландалууда.

Exit mobile version