Site icon Reporter.kg

Бишкектеги СИЗО-1де жаткандар жетекчиге нааразы болуп оозун тигишти

Бишкек шаарындагы СИЗО-1деги жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар оозун тигишти. Бул тууралуу айрым басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка таянсак, абактагылар аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы. Учурда 3 жаран оозун тиккен.

Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Белгилей кетсек, Марс Жусупбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деп айыпталып, Октябрь райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. 2020-жылы Октябрь райондук соту Жусупбековду актаган.

Exit mobile version