Бишкектеги Sputnik агенттигинин кеңсесине 30дай адам келип коркутуп кетти

Бишкектеги Sputnik агенттигинин кеңсесине 30дай адам келип коркутуп кетти

Бишкектеги Sputnik агенттигинин кеңсесине 30дай адам келип коркутуп кетти. Бул тууралуу аталган басылма жазып чыкты.

Ага ылайык,  Садыр Жапаровдун тарапкерлери уюштуруп жаткан митингди чагылдырууну талап кылып, Sputnik Кыргызстан агенттигинин кеңсесине белгисиз адамдар кирүүгө аракет кылган.

30га чукул киши эшикти каккылап, кире албай койгон соң «30 мүнөт убакыт беребиз» деп күзөтчүнү тилдеп кетип калышкан.

Буга чейин Кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги мессенджерлерде sputnik.kg сайтынын атынан Садыр Жапаровдун кармалганы туурасында билдирүү тараганын, андай маалымат чыкпаганын, бул фейк экенин билдирген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>