Бишкектеги түнкү стационарлар эми бир саат эрте иш баштайт

Бишкектеги түнкү стационарлар эми бир саат эрте иш баштайт

Бишкектеги түнкү стационарлардын иштөө убактысы өзгөрүп, бир саат эрте башталат. Шаардык мэриядан билдиришкендей, эми алар саат 20:00дөн тарта бейтаптарды кабыл ала баштайт.

Шаардын 7-кичи районундагы ДСК спорт комплексинин имаратында жана Фрунзе / Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Консул» ресторанында ачылган түнкү стационарларда жалпы 220 орун даярдалган. Иштөө убактысы: саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин.

Эки күндүн аралыгында түнкү стационарларга 683 адам кайрылган, 282сине укол сайылган, 397сине медициналык кеңеш берилсе, эки адам ооруканага жаткырылган. Тилекке каршы, эки адам каза болуп калган.

Ал эми күндүзгү стационарлардын саны көбөйүп жатканы айылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>