Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат

Бишкектеги Түштүк-батыш көрүстөнү жабылат. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Түштүк-батыш көрүстөнү 2021-жылдын 1-январында жабылат. Тиешелүү буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгон.

Көрүстөндүн жабылуусуна сөөктү көмүү үчүн берилген жер тилкелеринин жоктугу себеп болгон. Ошондой эле аталган көрүтөндү жабуу өтүнүчү менен «Ала-Арча», «Жер-Ынтымагы» конуштарынын жашоочулары да кайрылган. 

Мындан сырткары Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору жана «Бишкекбашкыархитектура ишканасы тийиштүү корутундуларды чыгарып берген.

Эми маркумдар көмүү үчүн жер Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Грозд айылында берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>