Бишкектеги “Таксим” кафесин мыйзамсыз жабуудабы? Түрк ишкери Эрдоганга кайрылды

Бишкектеги “Таксим” кафесин мыйзамсыз жабуудабы? Түрк ишкери Эрдоганга кайрылды

Түрк ишкери Али Салих Ифлазоглу Бишкектеги «Таксим» кафесинин мыйзамсыз жабылып, анын ордуна соода борбору курулуп жатканын айтып, Түркиянын президентти Реджеп Тайип Эрдоганга кайрылуу жасады.

Анын айтымында, Кыргызстанда мыйзам иштебейт жана инвестиция салган киши акчасын актай албайт.

«Бүгүн мен акыркы видеомду жаздырып жатам. Эртең кафе толугу менен жабылат. Мен бул видеону башка инвесторлорго эскертүү үчүн жазуудамын. Кыргызстанга инвестиция салбагыла, акчаны шамалга таштабагыла деп жазып жатам. Бүгүн сот отуруму болду, бирок чечим күчүндө калды — менин кафемди бузуп, ордуна соода борборун куруу. Менин он төрт жылдык эмгегим текке кетти”, — деген ишкер.

Билидрүүгө таянсак, Али Ифлазоглу 2007-жылы Түркиянын президентинин “ата-бабаларыбыздын жерлерине инвестиция салуубуз керек” деген сөзүнөн улам Кыргызстанга келген. Жыйынтыгында алданып, акчасын уурдатып, акыйкатсыздыкка кабылган.

“14 жыл мурун Кыргызстанга келип, 470 миң доллар сарптап, бул жерде үй-бүлөлүк кафе ачтым. Акыры мени алдап, акчамды уурдап, андан тышкары күнөөлүү деп эсептешти. Кафе бузулуп жатат, анын ордуна соода борборун курууну каалашат. Мен 12 жыл бою ушул мекемени ачып, кооз үй-бүлөлүк кафе түзүп, элүү кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылып, ушул өлкөнүн күйөө баласы болгонума карабастан, мага эч ким жардам берген жок. Түркиянын элчилиги дагы, Кыргызстандын президенти дагы, башка адамдар дагы”, — дейт Ифлазоглу.

Инвестор акыркы 40 күндөн бери анын мекемеси генератордун жардамы менен иштеп келгенин, ага карабай адилеттүүлүк орнойт деп үмүттөнгөнү менен чындык чыркыраган боюнча кала бергенин айтат.

“Кырк күн мурун алар электр жарыгыбызды өчүрүп салышкан, бүгүн болсо сууну өчүрүп салышты. Ушул убакытка чейин мен генератор менен иштеп, акыйкаттык жеңип, баары жайында болот деп үмүттөнгөм. “Сен бул ишти уттуруп жибересиң, анткени биз кыргызбыз, сен болсоң түрксүң” дешсе, Кыргызстандагы мыйзамдар иштейт деп айта алабызбы? Алар мени коркутуп, кафени жаап салууну талап кылышкан, спортчуларды, бандиттерди, полиция кызматкерлерин жиберишкен, тогуз ай мурун алар менин үй-бүлөмдү өлтүрөбүз деп айтышкан, ал тургай бир жолу бутума атып кетишти”, — дейт эмне кыларын билбеген ишкер.

Ал президент Садыр Жапаровдун өлкөгө инвесторлор керек деп айтканы куру сөз экенин, чындыгында эч ким алардын укугун коргобой турганын билдирди.

«Кыргызстандын президенти бул жакка башка өлкөлөрдүн инвесторлорунун келишин каалайт, бирок мунун баары куру сөз, анткени бул жерде эч ким өз укугун коргобойт», — деген Ифлазоглу.

Рубрики: ВИДЕО

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>