Site icon Reporter.kg

Бишкектеги тарых жана маданият эстелиги болуп саналган эки кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды

Бишкектеги тарых жана маданият эстелиги болуп саналган эки кабаттуу имарат мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Белгилүү болгондой аталган имарат 30 жыл мурун 10,8 миң сомго менчиктештирилип кеткен.

Раззаков көчөсүндө жайгашкан имараттын жалпы аянты — 772,6 чарчы метр, жер тилкеси — 0,29 гектар.

Социалдык багыттагы объект коммерциялык максатта колдонулуп келген. Имараттын ээси аны мамлекетке ыктыярдуу түрдө бергени айтылды.

Exit mobile version