Site icon Reporter.kg

Бишкектеги таштанды полигондун жанында музей ачылат

Бишкектин «Алтын Казык» жаңы конушундагы  таштанды полигондун жанында музей ачылат. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Музей «Булгануунун тарыхын түшүнүү – АРТ ПРОСПЕКТ & ТРЭШ-5» экологиялык искусство фестивалынын алкагында болот.

Белгилей кетсек, экологиялык искусство фестивалы 22-сентябрдан 19-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандан, Казакстандан, Россиядан, АКШдан, Швейцариядан, Голландиядан, Грузиядан, Чехиядан жыйырмадан ашык сүрөтчүлөр катышууда. Алар булгануу маселесин чечкен көркөм инсталляцияларды жана иш-чараларды түзүү үчүн бирге иштешет.

Ошондой эле катышуучулар архивдик изилдөөлөр, кайра иштетилген материалдардан жасалган интерактивдүү инсталляциялар, спектаклдер, көргөзмөлөр жана көркөм сессиялар, семинарлар, талкуулар жана презентациялар аркылуу өз аймагындагы булгануу көйгөйлөрүн чагылдырган эмгектерин тартуулашат.

 

Exit mobile version