Site icon Reporter.kg

Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Иш жакында иликтенип бүтөт

Бишкекте үч адамдын өлтүрүлүшү боюнча кылмыш иш жакынкы мезгилде иликтенип бүтөт. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» түз эфир учурда Бишкек шаардык милициянын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков билдирди.

Ал тергөөнүн сырын жана маркумдардын, шектүүнүн жакындарынын кызыкчылыгын эске алуу менен кошумча маалымат берилбей турганын билдирди.

«Учурда бул кылмыш иши иликтенип жатат. Себептери, жагдайлары такталууда. Бизде жетиштүү далилдер бар. Кылмыш иш боюнча жыйынтык жакында чыгарылып, соңку процессуалдык чечим кабыл алынат. Бул тууралуу коомчулукка жана ММКларга маалымат берилет», — деди ал.

Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичирайонунда аял киши уул-кызы менен киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары 17-февралда 36 жаштагы А.Ч. аттуу жаран кармалган. Шектүү кармалгандан кийин, ал тууралуу айрым маалыматтар ачыкка чыккан. Ага ылайык, шектүү мурда УКМКда иштегени белгилүү болгон.

Кийинчерээк бул окуянын видеосу социалдык тармактарда тараган.

18-февралда Свердлов райондук сотунда анын бөгөт чарасы каралып, сот аны 16-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Бишкектеги үч адамдын өлтүрүлүшү: Милиция жаңы жагдайларды айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version