Site icon Reporter.kg

Бишкектеги үйдөн 50 миң сомдук зер буюмдар уурдалган. Шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 2023-жылы 23-июнда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, Репин көчөсүндөгү жер тамына уурулар кирип, баасы 50 миң сом зер буюмдарды уурдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында быйыл 15-февралда шектүү катары 28 жаштагы З.Ш. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Exit mobile version