Бишкектеги жаңы паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели тургузулду

Бишкектеги жаңы паркка Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели тургузулду

Бишкек шаарындагы Көкчөтау жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишине курулуп жаткан жаңы сейил бакка Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин айкели тургузулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, сейил бакка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымы берилген.

“Жаңы паркка жарыктандыруучу чырактар, кире беришине металлдан жасалган конструкция орнотулду. Парктын 6 гектар аянтына «Бишкек жашыл чарба» ишканасы тарабынан көктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Учурда айкелдин алдына таш таман төшөө иштери жыйынтыкталууда. Скейтпарктын конструкциясы даяр болду. Чек аралар жабык болгондуктан адистер келе албай, скейтдромду монтаждоо иштери баштала элек”, — деп айтылат маалыматта.

Калаа мэри Азиз Суракматов  сейил бакка барып, курулушун текшерип чыккан.
[su_image_carousel source=»media: 26475,26474,26473,26472″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>