Бишкектеги жаңы паркты курууда арыктар орнотулбаганы үчүн дарактар кулап калган

Бишкектеги жаңы паркты курууда арыктар орнотулбаганы үчүн дарактар кулап калган

Бишкек шаардык башкы архитектура башкармалыгы борбор калаада жаңы курулган Чолпонбай Түлөбердиев атындагы дарактардын кулашы боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз катчысы Ринат Шамсутдиновдун айтымында, парк жаңы курулуп жатканда дарактарга суу келе турчуу арыктар жасалбай калган.

“Парктын долбоорунда арыктарды куруу киргизилген.  Бирок курулуш жүрүп жатканда “Бишкекасфальтсервис” жана  “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканалары арыктарды орноткон эмес. Алар өздөрүнүн катачылыгын моюнуна алышып, арыктарды кайрадан курмай болушту”, – деди Шамсутдинов.

Буга чейин интернет колдонуучулары парктагы дарактардын кулап жаткан сүрөттөрүн жарыялашкан.

Борбордун түндүгүндөгү жашыл аянчага курулган жаңы парктын ачылышы 7-майда болуп өткөн. Жаңы сейил бакты курууга шаардын бюджетинен 48 миллион сомго жакын акча сарпталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>