Site icon Reporter.kg

Бишкектеги жатаканада 17 жаштагы кыз асынып алды

Бишкек шаарындагы университеттин жатаканасында жашы жете элек кыздын жансыз денеси табылганы боюнча ИИМ тергөөгө чейинки текшерүү иштерин баштады.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 29-ноябрь күнү таңга жуук 102 кызматына жатакананын бөлмөлөрүнүн биринде асынып алган кыз табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге келген РИИБдин тергөө-ыкчам тобу кыздын өздүгүн такташкан — ал 2005-жылы туулган Р.А. экендиги аныкталган. Алдын ала маалыматтар боюнча денеде зордук-зомбулук менен өлтүрүлгөндүн белгилери болгон эмес.

Бул факт Ленин РИИБге катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, бардык экспертизалар дайындалган.

Учурда иштин чоо-жайы такталууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version