Site icon Reporter.kg

Бишкектеги жолдор менен тротуарлар оңдолот

Бишкек шаардык мэриясы борбордогу жолдорду оңдоого киришти. Маалыматка ылайык, тогуз көчөнүн жолдору дана жети көчөнүн адам өтүүчү (тротуар) бөлүгү оңдолот.

Тизме:

-Месарош көчөсүнүн Дэн Сяопинден Жамгырчиновго чейинки бөлүгү;

-Эр Тайлак көчөсүнүн Арча-Бешиктен Репинге чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

-Жунусалиев көчөсүнүн Эр Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

-Садыбакасов көчөсүнүн Эр Тайлактан Абдрахмановго чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

-Курултай көчөсүнүн Магистралдан Кожомкуловго чейинки бөлүгү (Ынтымак конушу);

-Ак-Ордо көчөсүнүн Барпы Алыкуловдон Тагай бийге чейинки бөлүгү (Ак-Ордо конушу);

-Шералиев көчөсүнүн 18-көчөсүнөн Түндүккө чейинки бөлүгү (Арча-Бешик конушу);

-Интергельпо көчөсүнүн Кең-Суудан Дэн Сяопинге чейинки бөлүгү;

-Сыдыков көчөсүнүн Калык Акиевден Турусбековго чейинки бөлүгү.

Оңдоло турган тротуарлардын тизмеси:

-Тагай бий көчөсүнүн Гагаринден Ак-Ордого чейинки бөлүгү (чыгыш тарабы);

-Садырбаев көчөсүнүн Семетейден Жайыл баатырга чейинки бөлүгү (батыш тарабы);

-Ахунбаев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);

-Өмүр көчөсү Барпы Алыкуловдон Кырк-Кызга чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);

-Чүй проспектисинин Бейшеналиевден Жаш Гвардияга чейинки бөлүгү (эки тарабы тең);

-Алтымышев көчөсүнүн Бакаевден Садырбаевге чейинки бөлүгү (түндүк тарабы);

-Асаналиев көчөсү Гагаринден темир жол линиясына чейинки бөлүгү (эки тарабы тең).

Exit mobile version