Site icon Reporter.kg

Бишкектеги зоопаркта өрт чыгып, 6 маймыл менен 1 бөрсө өлдү

Бишкекте реабилитациялык зоопарктан өрт чыгып, ал жакта кармалып жаткан 7 жаныбар өлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттүн айынан 6 маймыл жана 1 бөрсө өлгөн.

Зоопаркта чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен зоопарктын контейнерден салынган, ичи жыгач менен капталган 10 чарчы метр жасалгасы күйгөн.

Exit mobile version