Site icon Reporter.kg

Бишкектен Бээжинге түз аба каттам бир айдан кийин ачылат

Бишкектен Кытайдын Бээжин шаарына түз аба каттам 2024-жылдын 24-январында ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти.

Бээжин — Бишкек – Бээжин багыты боюнча аба каттам кытайлык China Southern Airlines компаниясы тарабынан аткарылат.

Учактар жумасына үч жолу — дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү каттайт.

Exit mobile version