Site icon Reporter.kg

Бишкектен Бээжинге түз аба каттам ачылат

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарынан Кытайдын борбор калаасы Бээжинге түз аба каттам ачылат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Бээжин — Бишкек – Бээжин багыты боюнча аба каттам 2024-жылдын биринчи кварталында ачылып, каттам кытайлык China Southern Airlines компаниясы тарабынан жүргүзүлөт.

Ошондой эле быйыл декабрь айында Чэнду — Бишкек – Чэнду каттамы ачылары пландалууда. Бул багыт боюнча каттам Changlong Airlines компаниясы тарабынан аткарылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version