Site icon Reporter.kg

Бишкектен Делиге уча турган каттам токтотулду

Бүгүн, 8-майда Бишкек — Дели (Индия) багыты боюнча уча турган каттам токтотулду. Бул тууралуу Aero Nomad Airlines авиакомпаниясы билдирди.

«8-майга пландалган КА577/578 каттамы Дели аэропортундагы аба мейкиндигине чектөө киргизилгендигине байланыштуу токтотулду»,- деп айтылат маалыматта.

Авиакомпания жүргүнчүлөргө билетти сатып алган жерден акчаны толук кайтарып алууну же каттамды 22-майга жылдырууну сунуштады.

Белгилей кетсек, аба жолдоруна Индия менен Пакистандын чек араларында куралдуу кагылыштан улам чектөөлөр киргизилген.

Exit mobile version