Бишкектен Исламабад шаарына жаңы аба каттам ачылды

Бишкектен Пакистандын борбору Исламабад шаарына 27-августтан тарта жаңы аба каттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан билдиришти. Жаңы ачылып жаткан аба каттам боюнча учактар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү каттап турат. Аба каттамды кыргызстандык «Аэро Номад Эйрлайнс» компаниясы аткарат. Бардык жаңылыктар Телеграм каналда