Бишкектен каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалым кат алуусу керек

Бишкектен каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалым кат алуусу керек

Өзгөчө абал учурунда Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн жарандар жашаган жеринен маалымдама алууга милдеттүү. Бул тууралуу 25-мартта борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Ошол эле маалда Бишкекте иштеп, бирок башка аймактарда жашаган кишилер иштеген жеринен маалымдама алышы керек.

Алмаз Орозалиев өзгөчө абал режиминде журналисттердин иштөөсүнө эч кандай чектөө жок экенин да белгиледи. Кабарчыларды аккредитациядан өткөрүү маселесин республикалык штаб менен сүйлөшүп жатканын билдирди.

“Мен шаардын коменданты катары айтам, журналисттердин ишине эч кандай чектөө жок. Штаб менен сүйлөшүп, канча журналистке беребиз, аккредитациядан кандай өткөрүү боюнча билдиребиз. Мен билгенден журналисттер топтошуп иштебейт. Андыктан коркунучтуу эмес”, — деди Орозалиев.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>