Site icon Reporter.kg

Бишкектен Казанга каттамдарды көбөйтүү пландалууда

Россиянын «Урал аба жолдору» авикомпаниясы 2023-жылдын 15-июлунан тартып Казань — Бишкек — Казань багыты боюнча биринчи каттамды ачып, Бишкектен Казаньга үзгүлтүксүз каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка караганда, каттамдар жумасына 1 жолу (ишемби күндөрү) аткарылат.

Эске салсак, башка авиакомпаниялар аталган багыт боюнча каттамдарды жумасына 4 жолу  аткарышууда.

Бишкектен Казань шаарына учуу 3-3,5 саатты түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version