Site icon Reporter.kg

Бишкектен Сеулга үзгүлтүксүз аба каттамы ачылат

Кореялык авиакомпания “T’way Air Co., Ltd” 2023-жылдын июнь айында Сеул-Бишкек-Сеул багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачууну пландаштырууда. Бул тууралуу “МАМ” ААКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, “Манас” аэропортунан Түштүк Кореянын борборуна биринчи жолу үзгүлтүксүз каттамдар аткарылат.

Жаңы багыт боюнча биринчи каттам 11-июнда болору күтүлүүдө. Каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version