Октябрдын аягында бир нече жаңы каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун коммерция боюнча директору Тимур Аралбаев билдирди.
Анын айтымында, буга чейин Исламабад — Бишкек, Лахор — Бишкек, Сиань — Бишкек, Сеул — Бишкек каттамдары боюнча жаңы багыттар ачылган. Мындан тышкары Түркиянын борбору Анкара менен аба каттамы ачылды. Август айынан баштап Жидда — Бишкек — Жидда багыты боюнча учактар уча баштады. Ошондой эле Баку — Бишкек — Баку каттамы ишке кирди.
«Биз Астана — Бишкек, Грозный — Бишкек, Махачкала — Бишкек сыяктуу бир нече жаңы учууларды жандандырдык. Мындан тышкары Алматыдан каттамдар көбөйдү. Ташкенттен Тамчыга каттамдар калыбына келтирилип, көбөйүүдө. Бишкек-Ташкент багыты боюнча дагы учуулардын санын көбөйтүү пландалууда. Москвадан Бишкекке каттамдардын саны өстү», — деди Тимур Аралбаев.
Ал ошондой эле «Манас» аэропорту жүргүнчүлөрдүн агымын көбөйтүү жана жаңы багыттарды ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх (Египет) — Бишкек сезондук чартердик каттамы ачылып, кыш бою иштейт.
«Бишкек — Нячанг каттамынын ачылышы күтүлүүдө. Эми Вьетнамга уча алабыз. Бул Вьетнам авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөрдүн аркасында мүмкүн болду. Ош—Ташкент тарыхый каттамы ишке ашышы мүмкүн. Ош — Үрүмчү багыты бардык уруксат документтерин иштеп чыгуу жана алуу стадиясында турат. Мындан тышкары Чэнду — Бишкек багыты боюнча каттамдарды ачууну пландап жатабыз», — деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз