Бишкекти каптаган кара түтүн. Ала-Тоо аянтында абанын булганышына каршы акция өтөт

Бишкекти каптаган кара түтүн. Ала-Тоо аянтында абанын булганышына каршы акция өтөт

Ала-Тоо аянтында абанын булганышына каршы #БишкекСмог акциясы өтөт. Уюштуруучулар жарандарды иш чарага беткап тагынып келүүгө чакырды. 

«Акция үнсүз өтөт. Бизде айта турган сөз болгону үчүн эмес, абанын булганышынан улам биз беткапчан жүрөбүз. Биз үчүн беткаптар сүйлөйт», — дешти уюштуруучулар.

Акция 12-декабрда саат 12.00дө башталат.

Иш чаранын максаты — коомдун көңүлүн Бишкектеги кара түтүнгө буруп, бийликтен абанын сапаты боюнча улуттук стандарттарды сакташын талап кылуу.

Уюуштуруучулар бийликтен абанын сапаты боюнча ачык маалыматтарды талап кылып, кышкы маалда электрдин акысын арзандатуу, абасы өтө булганган аймактарга газ жеткирүү, ташылган күйүүчү майлардын сапатына көзөмөл киргизүү сыяктуу бир катар талаптарын коюуда.

Буга чейин change.org сайтында кыргыз өкмөтү абанын булганышына байланыштуу Бишкекте өзгөчө кырдаал киргизүүсү керек деп, кыргызстандыктар кол топтоо баштаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>