Site icon Reporter.kg

Бишкектин 11-кичирайонунда жылуулук менен ысык суу өчүрүлөт

Бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарынын 11-кичирайонунда жылуулук менен ысык суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардын мэриясы билдирди.

Таза суу саат 09:00дөн 17:00гө чейин аталган кичирайондогу №1, 2, 3 ,4, 5, 6, 15, 16, 17, 17/1, 17а, 18, 19, 20, 20/6, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27 турак үйлөрдө жана №94 бала бакчада болот.

Мэрия өчүрүү эски жылуулук түйүнүн жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө алмаштыруу үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Бишкек жылуулук тармагы» ишканасы тургундардан ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранды.

Exit mobile version