Бишкектин 5-кичи районунда чыккан өрттөн бир киши жабыркады

Бишкектин 5-кичи районунда чыккан өрттөн бир киши жабыркады

Бишкектин 5-кичирайонунда көп кабаттуу үйдүн кире бериши өрттөнүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт болгон жерден 10 адам коопсуз жайга чыгарылган.  Тилсиз жоонун кесепетинен 80 жаштагы карыя жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Учурда өрттүн себептери такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>