Site icon Reporter.kg

Бишкектин аймагында 9-апрелде суу токтотулат (карта)

9-апрелде суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.

Суу саат 10:00дөн 22:00гө чейин Ч.Айтматов проспектиси – Миңжылкиев көчөсү – Т. Сагындыков көчөсү — А. Масалиев проспектиси менен чектешкен аймакта өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, тургундарга ичүүчү сууну алдын ала камдап алышын эскертет.

Exit mobile version