Site icon Reporter.kg

Бишкектин аймагында абал туруктуу, — ИИМ

Учурда Бишкек шаарында абал туруктуу, ИИМдин жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүндө, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Милиция кызматкерлери тарабынан кайгуулдар уюштурулуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

“Коопсуздукту камсыз кылуу максатында шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ички аскерлер жана башка түзүмдөрү менен бирдикте күчөтүлгөн тартипте коомдук тартипти камсыз кылышат. Борбор калаанын көчөлөрүндө транспорт каражаттары үчүн кыймыл калыбына келтирилди”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкектеги хостелдердин биринин алдында чет өлкөлүктөр менен жергиликтүү тургундардын катышуусунда массалык мушташтан кийин 18-майга караган түнү Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде 200-300дөй адам чогулган.

Ага байланыштуу жерине милиционерлер тартылган. Укук коргоо органдары чогулгандардын арасынан агресивдүүлөрдү кармап кеткени, түшүндүрүү иштеринен кийин алардын бир бөлүгү кое берилгени кабарланган.

Бишкек шаардык милициясы массалык мушташка байланыштуу чет өлкөнүн үч жараны кармалганын маалымдаган.

Чет элдиктердин катышуусундагы мушташ. Үч шектүү кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version