Site icon Reporter.kg

Бишкектин айрым аймактарында эки күн газ берилбейт (тизме)

Бишкектин айрым аймактарында эки күн газ токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-октябрдан 1-ноябрга чейин төмөнкү көчөлөрдө газ берилбейт: Горкий, Тыныстанов, Кулатов, Панфилов. Жалпысынан оңдоо иштерине байланыштуу 342 абонент газсыз калат.

«Газпром Кыргызстан» ишканасы ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурайт.

Exit mobile version