Site icon Reporter.kg

Бишкектин бир бөлүгүндө 11-мартта таза суу өчүрүлөт

суу

Бишкектин бир бөлүгүндө 11-мартта таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу Анкара көчөсү – Горький көчөсү, Аламедин суусу, темир жол тилкеси жана Октябрь көчөлөрү менен чектелген аймакта саат 09:00дон 15:00го чейин жок болот.

Таза суу «ХБО» суу кампасындагы жана шаардагы түтүктөрдү оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууга чакырат.

Exit mobile version