Site icon Reporter.kg

Бишкектин бир бөлүгүндө 26-сентябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө 26-сентябрда суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Суу Панфилов көчөсү — Манас проспектиси —  Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы менен чектелген бөлүктө саат 09:00дон 21:00го чейин жок болот.

Таза суунун өчүрүлүшү «Тоголок Молдо» суу кампасында жана шаардагы куурларды оңдоо иштери менен байланыштуу.

«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана аталган райондун тургундарын таза сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Exit mobile version