Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 22-апрелге чейин шаардын борбордук бөлүгүндө тынч жүрүштөрдү жана митингдерди өткөрүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Kloop.kg порталы адвокат Евгения Крапивинага шилтеме кылып билдирди.

Баш калаада ар жекшемби сайын активисттердин мыйзамдуулук үчүн акциясы өтүп келсе, 8-мартта аялдарды коргоого багытталган жүрүш уюштуруу пландалып жаткан. Эми соттун чечими менен тынч жыйындар Максим Горький атындагы сейил багында өткөрүлүшү керек.

Маалыматка караганда, сотко жекшемби күндөрдөгү митингдерге байланыштуу Биринчи май райондук акимчилиги арыз менен кайрылган. Мекеменин арызында шаар борборундагы митингдер «жарандарды тынчсыздандырып», анын катышуучулары транспорт кыймылына тоскоолдук жаратып, жолдорду тосуп жатканы жазылган.

Басылма жүрүштүн катышуучулары жолдорду тосуп, автоунаа кыймылына тоскоолдук кылбаганын белгилөөдө.

«Медиазонанын» маалыматына караганда, соттун чечими 22-февралда эле күчүнө кирген. Митингдерге тыюу салуунун дагы бир себеби катары коронавирус инфекциясынын жайылып жатканы айтылууда. Бирок 3-мартта борбордук аянтта Мамлекеттик туу күнүнө, 4-мартта Ак калпак күнүнө карата көп киши катышкан иш-чаралар өткөн.

Былтыр да Биринчи май райондук соту коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында 1-июлга чейин митингдерди жана жүрүштөрдү өткөрүүгө тыюу салган. Сот чечими күчүнө кирген маалда өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек болчу.

8-мартта тыюуга карабастан адамдар Жеңиш аянтына чогулуп, «Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учуратышкан.

Милиция кызматкерлери чагымчыларды эмес, тынч турган уюштуруучуларды кармап кеткен. Укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>