Site icon Reporter.kg

Бишкектин борборундагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектин борборундагы кафеден чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 14-октябрда болжол менен саат 08:30да Тоголок Молдо менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги Park Cafe кафесинен өрт чыккан. Өрт саат 11:01де толук өчүрүлгөн.

Өрт өчүрүүгө 3 эсеп тартылган.

Тилсиз жоонун жалпы аянты 350 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок.

Exit mobile version