Бишкектин экс-мэрлеринин сотунда айыпталуучулардын биринин жүрөгү ооруп, тез жардам чакыртылды

Бишкектин экс-мэрлеринин сотунда айыпталуучулардын биринин жүрөгү ооруп, тез жардам чакыртылды

Бүгүн, 6-ноябрда Ленин райондук сотунда мурунку мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.

Отурум учурунда Бишкек мэриясынын алдындагы Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Сталбек Өмүрканов өзүн жаман сезип, тез жардам чакырылды. Ал жүрөгү аритмия менен ооруй турганын айтты. Мындан улам судья тыныгуу жарыялады.

Сталбек Өмүрканов «Калыс-Ордодогу» мектептин курулушу боюнча айыпталууда.

Экс-мэрлердин ишин Бишкектин Ленин райондук соту карап жатат. Кулматовго «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп шек саналып жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>