Site icon Reporter.kg

Бишкектин көчөлөрүнө 96 тонна туз себилди

Бишкек шаарында аба ырайынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасы карды тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин ыкчам түрдө баштады.Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаардык патрулдук  башкармалыгынын кызматкерлери 6 унаанын коштоосунда борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоого жардам беришүүдө.

Линияда 45 даана атайын техникасы иштеп жатат. Мындан сырткары көчөлөрдү кардан тазалоого “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери тартылды. Учурда 96 тонна өндүрүштүк туз керектелди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version