Site icon Reporter.kg

Бишкектин мектеп директорлоруна баңгизаттын зыяндуулугу тууралуу лекция окулду

Бишкек шаарынын мектеп директорлоруна «Өспүрүмдөрдү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга каршы күрөшүү» темасында лекция окулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Иш-чара ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан уюштурулуп, ага борбор калаадагы мектептердин директорлору, мэриянын тийиштүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышкан.

Баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Каныбек Усенов жана Умида Исматова республикадагы баңгизаттарга байланыштуу кырдаал тууралуу маалымат берип, жер-жерлерде алдын алуу иштеринин маанилүүлүгү жөнүндө, ошондой эле жаңы психоактивдүү заттардын таралышынын алдын алуу, өспүрүмдөрдү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тартууга каршы туруу үчүн кандай чараларды көрүү зарылдыгы тууралуу айтып беришкен.

Баңгизаттарды пропагандалоо жана жарнамалоо үчүн, маңзатка байланыштуу кылмыштар үчүн кандай жоопкерчилик каралгандыгы тууралуу маалымат берилген.

Exit mobile version