Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасында жыйын өткөрдү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйынга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Жоробеков, ИИМдин тиешелүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, муниципалитеттин транспорт департаментинин кызматкерлери катышты. Анда автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарына өзгөчө көңүл бурулду.
Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктуралык түзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору У.Бейшенбаев муниципалдык автобустардын катышуусундагы кырсыктар боюнча маалымат берди.
Анын айтымында, 2024-жылдын 10 айында 329 жол кырсыгы катталса, анын 169у муниципалдык автобустун айдоочуларынын күнөөсүнөн, 160 учур экинчи тараптын күнөөсүнөн улам болгон.
Буга байланыштуу борбор калаанын башчысы төмөнкүлөргө сөгүш жарыялады:
- кыймылдуу курамды эксплуатациялоо боюнча директордун орун басары А.К.Тукубаев;
- башкы инженерлер: Өмүрзаков А.Т., Аскарбеков У.С., Чодонов Н.Б.
- автоколонналардын башчылары: Дүйшеев А.Д., Маметов С.С., Табалдиев Б.Ж., Өскөналиев У.Н., Өмүркулов А.С., Молдобаев Э.А.
- өндүрүш жетекчилери: Д.Э.Байтасов, М.Дүйшөнбек уулу;
- бардык бригадирлерге;
- бардык механиктерге;
- бардык колонналардын механиктерине;
- бардык мастерлерге.
Катуу сөгүш:
- кыймылдуу курамды эксплуатациялоо бөлүмүнүн башчысы Ахметахунова С.А.
Иштен алынды:
- Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын башчысы Асанов М.К.;
- 5-автоколонанын начальниги Кожогелдиев К.Ж.
- жол эрежесин бир нече жолу одоно бузган 24 айдоочу жумуштан четтетилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз