Site icon Reporter.kg

Бишкектин мэри менен милициянын башчысы унаанын үстүндө жатып алган «Алладиндерди» колго түшүрүштү — видео

Бишкекте азык-түлүк дүкөндөрүндөгү бааларга карата кечээ, 19-мартта түнү рейд жүргүзүлдү.

Ага калаа башчысы Азиз Суракматов  баштаган мэриянын аппаратынан  жана милиция кызматкерлери чыгышкан.

Дүкөндөрдү текшерүү үчүн башка дарекке бет алышкан учурунда түштүк магистраль Токтоналиев көчөсүндө жеңил унаанын үстүнө узунунан жатып алып кетип бараткан балдарга күбө болушуп, алардын машинасын токтотушкан. Бул тууралуу видео «акипресстин» инстаграм баракчасына жарыяланды.

Алардын унаасы рейдке чыккан кичи автобус менен жанаша бара жаткан.  Маршруткада бара жаткан Бишкек милициясынын жетекчиси балдардын окуясын байкап калган.

Балдар «Алладин» машинанын үстүндө деп какшык сөздөрүн айтышкан учурда кичи автобустун айдоочусу алардын унаасынын жолун тороп токтоп, милиция кызматкерлери алардын бирин машинанын үстүнөн түшүргөн.

Балдардын бул кадамга эмне себептен барышканын териштирүү үчүн жерине патрулдук милиция чакырылган.

Жеңил унаанын айдоочусунун жанында тиешелүү документи жок болуп чыгып, ал күнөөсүн мойнуна алган.

&

Exit mobile version