Site icon Reporter.kg

Бишкектин мэри туулган күнүн Дубайда өткөргөнбү? Өзүнүн жообу

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 100 күндүк иш боюнча маалымат жыйыны учурунда Дубайда туулган күнүн өткөрүп келди деген маалыматты төгүндөп, ал Бириккен Араб Эмираттарына болгон иш сапарында инвесторлор менен жолукканын айтты.

Анын айтымында, Бишкекке чоң инвесторлор келет.

“Жакында эле социалдык тармактарда блогерлер “мэр туулган күнүн Дубайда өткөрүп келди” деп жазышты. Мен үч күндө – ишемби, жекшемби жана дүйшөмбү күнү Бириккен Араб Эмираттарына барып, чоң долбоорлорду жактап келдим. Буюрса бул долбоорлорду ишке ашырышыбыз керек. Мындан тышкары бизге чоң инвесторлор келет. Биз англис жана орус тилдеринде 10 долбоор тууралуу маалымат камтылган китепчелерди чыгардык. Мында канча инвестициялык каражаттар кайсыл тармакка жумшалары боюнча аналитикалык эсептер бекитилген”, — деди мэр.

Буга чейин мэриянын басма сөз кызматы мэр Эмилбек Абдыкадыров 3-6-июнь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында иш сапары менен болгонун билдирген. Анын алкагында ал БАЭ өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, келечектүү инвестициялык долбоорлор менен тааныштырган.

 

Exit mobile version