Бишкектин мэриясы 52 троллейбусту электр автобус кылып жасап чыгат
Бишкекте 52 троллейбус электр автобус болуп кайра жасалат. Бул тууралуу шаар мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди. Ал борбор калаадагы троллейбустардын бир бөлүгү Ош шаарына берилгенин, Бишкекте 52 троллейбус калганын айтты. «Ал троллейбустар 2017-жылы чыккан. Аларды кайра электр автобус кылып жасоого ылайыктуу экен. Аларга батарейкалар орнотулат», — деди ал.
Скопируйте и вставьте этот URL на ваш сайт под управлением WordPress
Скопируйте и вставьте этот код на ваш сайт