Бишкектин мэриясы Укук бузуулар кодексиндеги айрым беренелери боюнча айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштап, кошумча укуктарды алууну көздөөдө. Борбор калаанын бийлиги тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Мэрия Укук бузуулар кодексинин 114, 115, 177, 178, 179, 286-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөдө. Шаар бийлиги дагы бир берене боюнча айып салуу укугуна ээ болушу, туура эмес токтотулган, көк майсанын үстүнө коюлган унааларды эвакуациялоо сыяктуу ыйгарым укуктарды алышы эреже бузгандарга каршы күрөшүүдө ыкчам иштөөгө, жолдордогу тыгындардын азайышына өбөлгө түзөт деген пикирди.
Ошондой эле жергиликтүү бийлик таштандыны туш келди ыргыткан, жолдорду бузган, желим идиштерди өрттөп абаны булгаган учурларга туш болорун сөз кылып, бир нече берене боюнча айып пулдардын суммасын көбөйтүүнү сунуштоодо:
114-берене. Аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузуу
Көрктөндүрүү эрежелерин бузган, ошнодой эле тазалыкты сактабаган жарандарга 3 миңдин ордуна 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 13 миңдин ордуна 17 миң сом айып салуу;
115-берене. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, үйүп салуу, өрттөө
1. Таштандыны белгиленбеген жерге ыргыткан, үйгөн жарандарга 5,5 миң эмес, 7,5 миң сом (ошондой эле эскертүү берүү менен чектелүү деген нерсе жокко алып салынат), юридикалык жактарга 17 миң эмес, 23 миң сом айып салуу;
2. Өндүрүш, өнөр жай жана медициналык калдыктарды белгиленбеген жерге таштаган, үйгөн жарандарга 7,5 миңдин ордуна 10 миң сом, юридикалык жактарга 23 миңдин ордуна 28 миң сом айып пул салуу;
3. Таштандыны, өндүрүш, өнөр жай калдыктарын же баша буюмдарды же жалбырактарды өрттөгөн адамдарды 7,5 миң эмес, 12,5 миң сом жана юридикалык жактарды 23 миң сом эмес, 35 миң сом айыпка жыгуу;
177-берене. Жол курулмаларын бузуу
1. Жолду, көчөнү, темир жол өтмөгүн же башка жол курулманы же болбосо жол кыймылын жөнгө салган техникалык каражатты бузган жарандарга 5,5 миңдин ордуна 10 миң сом, юридикалык жактарга 17 миңдин ордуна 28 миң сом айып салуу;
2. Жолду булгаган адамдарды 7,5 миң эмес 12,5 миң сом, юридикалык жактарды 23 миң эмес 35 миң сом айыпка жыгуу;
178-берене. Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу
1,2-бөлүктөрү өзгөртүүсүз калат.
3. Жолдо жана башка жол курулмаларында оңдоо-өндүрүш иштерин уруксатсыз жүргүзгөн адамдарга 12,5 миңдин ордуна 15 миң сом, юридикалык жактарга 35 миңдин ордуна 45 миң сом айып салуу;
179-берене. Унаа жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу
1. Тиешелүү органдар менен макулдашпастан жол жээктеринде соода түйүндөрүн, тамактануучу жай, тейлөө жайын курган же уюштурган же жарнама такталарын, жол көрсөтүүчү белгилерди орноткон жарандарды 3 миң эмес, 5,5 миң сом, юридикалык жактарды 13 миң эмес 17 миң сом айыпка жыгуу;
2. Жолго караштуу жерди айдоо, жашылдандырыла турган жерге, көк майсанын үстүнө унаа койгон, тигилген бак-дарактарды кыйган, зыянга учураткан, канализация, өнөр жай, саркынды сууларын арыктарга агызган адамдарга 5,5 миңдин ордуна 10 миң сом, 17 миңдин ордуна 28 миң сом айып салуу;
3, 4-бөлүктөрү өзгөрүүсүз калат.
286-берене. Соода эрежелерин бузуу
1-бөлүгү өзгөрүүсүз калат.
2. Белгиленбеген жерде соода жүргүзгөн жарандарга 3 миң эмес, 5,5 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң эмес, 17 миң сом айыпка жыгуу;
Кошумча укук
Бишкектин мэриясы Укук бузуулар кодексинин 188-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү (токтоо, токтоп туруу эрежелерин бузуу, жөө өтмөктөн өтүп бараткан адамга жол бошотпоо, унаа айда баратып телефон менен сүйлөшүү ж.б.) жол эреже бузууларды жасагандарга айып салуу укугун алууну пландоодо. Бул берененин эки бөлүгүндө 1 миңден 3 миң сомго чейин айып каралган.
Жеңилдик
Укук бузуулар кодексинин 563-беренесин 7-пункт менен толуктап, 114-берененин жана 115-берененин 1, 2-бөлүктөрү боюнча салынган айып пулду 30 күн ичинде төлөгөндөргө 70% жеңилдик берүү сунушталууда.